01:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча чечимине жооп берүүгө даяр

Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча чечими мыйзам чегинде кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Ал парламент ар бир кабыл алынган мыйзам долбоору, токтомдору регламенттин талаптарына жооп берерин белгиледи.

Анын пикиринде, экс-президенттин кол тийбестигин алуу шашылыш каралган эмес.

«Биз бир күндө чечим кабыл алабызбы, бир айдабы — баары мыйзам чегинде болсо болду. Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдары, чечимдери үчүн жооп берүүгө даяр», — деди ал.

Жогорку Кеңеш 5-сессиясында 102 мыйзам долбоор кабыл алган. Анын экөөн президент кайра артка жөнөткөн. 66 отурум өткөрүп, анын үчөө жабык болду.

Төраганын айтымында, парламент өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөл салып турат.

Эң көп окулган жаңылыктар