05:10
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мамлекеттик кызматкерлер салык декларациясына өзгөртүү киргизе алышат

Мамлекеттик кызматкерлер 1-июлга чейин мурда берилген салык декларациясына өзгөртүүлөрдү киргизе алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Мурдагы декларациялык кампаниянын жыйынтыгы көрсөткөндөй, айрым декларанттар тарабынан салык декларацияны туура эмес толтурулган учурлар кездешүүдө. Ушуга байланыштуу, аларда киреше салыгы боюнча карыздары пайда болууда, ошондой эле, декларанттын жана анын жакын туугандарынын активдери (акча каражаттары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү ж.б.) толугу менен чагылдырылбай калган.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды зарыл болгон учурда такталган декларацияны жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин берүүгө чакырат.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 1-июлунан тартып МСК өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылы берилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча иштерди баштайт.

Бул жылы 58 миң 365 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Бирдиктүү салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар