09:05
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Орусия Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу ишке аралашпайт

Орусия Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу Кыргызстандын ишине аралаша албайт. Бул тууралуу орусиялык журналисттерге Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Ал бул өлкөнүн ички иши деп атады.

«Бул Кыргызстандын ички иши. Биз бул иштерге аралашууга кыпындай дагы ниетибиз жок», -деди ал.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратышты. Чечим бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда кабыл алынды.

103 депутат макул деген добуш берди, 6 эл өкүлү каршы болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума