Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын бөлүм башчысы 70 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бөлүм башчы ишкерден 5 миң доллар пара талап кылып, 70 миң сомун алып жаткан жеринин кармалды.
Билдирүүгө ылайык, ал ишкерди «кылмыш жообуна тартам» деп коркуткан.