Бишкектиктер калкты тейлөө борборлорунда жеке нотариустар көрсөткөн кызматы үчүн мамлекеттик нотариустарга караганда 7 эсе көп акы ала турганын айтып нааразы болушту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине шаардыктар билдиришти.
Маалыматка караганда, жеке нотариус баланын чет жакка чыга турган паспортун толтурууга ата-энелердин макулдугу үчүн 350 сомдон алууда.
«Эмне себептен мамлекеттик каттоо кызматында жеке нотариустар иштейт? Бул кызмат мамлекеттик нотариустарда 50 эле сом турат», -дешет тургундар.