04:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Шопоков шаарында Калкты тейлөөчү жаңы борбор ачылды

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Калкты тейлөөчү жаңы борбордун ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

«Заманбап маалыматтык технологиялардын пайдаланылышы мамлекеттик тейлөө көрсөтүүнү жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берди, калкты тейлөө мөөнөтү кыскартылып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар камсыздалып, жарандардын чиновниктер менен түз байланышы кандайдыр бир деңгээлде жоюлду, натыйжада, бул коррупциянын деңгээлин реалдуу түрдө кыскартууга алып келди», — деди Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр белгилегендей, акыркы жылдары Өкмөт иштеп жаткан Калкты тейлөө борборлорун жаңы форматка өткөрүүгө жетишти.

«Бүгүнкү күнү Калкты тейлөө борборлорунда бардык шарттар түзүлгөн, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү, ошондой эле документтештирүү үчүн бардык зарыл кызматтар жайгаштырылган. Арыз ээлери талап кылынган документтерди имараттан тышкары чыкпастан топтоп жана мамлекеттик кызматтарды пайдалануу үчүн арыз калтыра алышат», — деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Үстүбүздөгү жылы жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында ачылган жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда ачылышы пландалууда.

 

Эң көп окулган жаңылыктар