04:58
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Москва дарыясын сүзүп өтүүгө аракет кылган кыргызстандыкты куткарып калышты

«Кунцево» куткаруу станциясынын кызматкерлери Москва дарыясын сүзүп өтүүгө аракет кылган кыргызстандыкты куткарып калышты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Маалыматка караганда, «Кунцево» куткаруу станциясынын куткаруучулары саат 17:30да Кыргызстандын 1994-жылы туулган жаранын куткарышкан. Ал станциядан 1,5 чакырым алыстыктагы Москва дарыясын сүзүп өтүүгө аракет кылган.

«Жарандын алы кетип, сууга чөгө баштаган. Куткаруучулар жардамга келип, суудан алып чыгышкан. Ал үйүнө кое берилди», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар