09:53
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Оштун тургуну көп кабаттуу үйдөн кулап түштү

Кечээ Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирип кетип жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Окуя Курманжан датка көчөсүндө болгон.

«Шаардын 1987-жылы туулган тургуну 4-кабаттан секирген. Ал 1-кабатта жайгашкан оорукананын чатырына кулап , бутун кокустатып алган. ӨКМдин куткаруучулары аны чатырдан алып түшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти», -деп айтылат маалыматта.

Учурда жабырлануучунун абалы туруктуу.

Эң көп окулган жаңылыктар