14:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бакиевдердин улутташтырылган мүлкүнөн өкмөт 13 миллиард сом пайда тапты

Экс-президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү улутташтырылган мүлктөн Мамлекеттик мүлкү башкаруу боюнча фонду 13 миллиард сом алды. Бул тууралуу «Республика-Ата Журт» фракциясынын отурумунда аталган фонддун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.

Айтымында, фондго берилген объекттерден 8 жыл ичинде 13,2 миллиард сом алынган.

Дивиденддер 10 миллиард сомду түздү, мамлекеттик ишканалардан 2,8 миллиард, имараттын ижара акысынан 7 миллион, менчиктештирүүдөн 330 миллион келип түшкөн.

Эске салсак, убактылуу өкмөттүн декрети менен Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө таандык 47 объект улутташтырылган. Анын тогузу менчикке өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар