15:03
USD 84.79
EUR 103.22
RUB 1.13

ЖК депутаты коронавирус менен күрөшүүгө алынган $700 млн дайынын сурады

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөлөрү 2021-жылдын бюджетин талкуулап, тиешелүү жетекчилерге суроолорду беришүүдө. Белгилей кетсек, республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 2021-жылы 163 млрд 26 млн сом болору айтылууда. Ал эми жалпы чыгаша 170 млрд 64 млн сомду түзмөкчү.

Депутат Улугбек Ормонов пандемия учурунда күнү-түнү иштеген дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселесин козгоп, ал акчаны 2020-жылдын эсебинен берүү керектигин билдирди. Буга улай эл өкүлү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилигине кайрылып, коронавируска каршы күрөшүү үчүн сырттан алынган 700 млн доллардын дайынын сурады.

«Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү келген 2 айдан бери ошол 700 миллиондун дайынын таптыңарбы? Беш-алты партия ошол акчаны жеп койду деп элди көтөрүп катуу кыйкырган. Эки ай аз болдубу анын дайынын тапканга? Уурдалган болсо айткыла ачык, уурдагандар жооп берсин. Болбосо туура эмес болуптур, кечирим сурайбыз деп кечирим сурагыла», — деди депутат Улугбек Ормонов.

Бул суроого Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басары так жооп бере алган жок.

Муну менен катар акыркы учурда мамлекеттик мүлк боюнча 2 резонанстык окуя болгонун айткан депутат, фонддун төрагасы Жылдызбек Исакуловго кайрылды. Жыйында айтылгандай, мурда «Дастан» заводунун жетекчисине иш козголгон. Учурда УКМК коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан иликтөө иши уланууда.

«Кылмыш иши козголсо да иштеп жатат. Сизге мамлекеттик мүлк фондун башкарат деп ишенип берилген. Ал кишини камалгыча иштете бересиңерби. Бирок аны иштен алгандын ордуна «Дастан» АКнын директорлор кеңешинин төрагасын кызматтан алгансыз», — деп нааразылыгын билдирди депутат Ормонов.

Эң көп окулган жаңылыктар