00:49
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Адыл Бакиев: Бакиевдер Кыргызстанга инвестиция тартууга кызыкдар

Экс-президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстанга инвестиция тартууга кызыкдар. Бул боюнча «Майдан» гезитине берген маегинде экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Адыл Бакиев билдирди.

Маалыматка караганда, Адыл Бакиев дагы агасы менен бирге Белоруссияда жашайт.

«Биз баарыбыз ар жакта ижарага алган квартираларда жашап жүрөбүз. Балдарым жок дегенде «Дордойдон» бир контейнер алып койбойт белең дешет. Айтылган сөздөр чын болсо, Бишкек шаарында соода борборлор, дүкөндөрүбүз болбойт беле? Гуревич бирөөнүн заказын аткарып жатат», — дейт ал.

Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишин сынга алып, акыркы жылдарда өлкө коррупцияга батканын белгилейт.

«Максим ЖЭБди оңдоо боюнча 150 миллион долларга келишим түзгөн. Атамбаев 386 миллион долларга баалап, ордото жегени ачыкка чыкты. Азыр Атамбаев баардык күчтөрүн мобилизациялап, 2010-жылдагы окуяны кайталаганы аракет жасап жатат. Ал үчүн элдин тагдыры оюнчук болуп калган. », — дейт Адыл Бакиев.

Адыл Бакиевдин айтымында, Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстанга инвестиция тартууга кызыкдар.

«Мен азыр Польша, Кытай, Россия ири компаниялары менен Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча иш алып барып жатам. Жалпы жонунан 100 миллион доллар Кыргызстанга кирет. Биздин өнөктөштөргө азыркы бийликтин кепилдиги керек», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар