18:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Курманбек Бакиевдин учурунда өлкөдөн чыгарылган 6 миллион доллар кайтарылат

Мурдакы президент Курманбек Бакиевдин учурунда өлкөдөн чыгарылган 6 миллион доллар кайтарылат. Бул боюнча бүгүн кыргыз өкмөтү менен АКШнын өкмөтүнүн ортосунда «Курманбек Бакиевдин режиминде чыгарылган активдерди кайтаруу» келишимине кол коюлду.

Келишимге Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысынынын жардамчысынын орун басары Лис Уэллс кол койду.

«АКШнын жардамы менен биз 6 миллион долларды кайтарабыз. Ал аймактарды өнүктүрүүгө багытталат», — деди Бактыгүл Жээнбаева

Эң көп окулган жаңылыктар