18:06
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Финполдогу башкармалыктын мурдагы жетекчисинин $4 миллиондук мүлкү аныкталды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ички тергөө жана коопсуздук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамыз баюу фактысы менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ички иликтөө жана коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы, финансы полициясынын майору Айбек Токоев кармаган.

УКМКнын маалыматы боюнча, Айбек Токоев 2014-жылдан бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) органдарында жетекчи кызматтарда иштеп жүргөндө, Ош жана Бишкек шаарларынан 15тен ашык кыймылсыз мүлк сатып алып, жакын туугандарынын атына каттаган.

Мындан тышкары Ош шаарында 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна ири суммадагы каражат жумшаган.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, Токоевдин кыймылсыз мүлк жана финансылык активдеринин жалпы наркы $4 миллиондон ашат. Бирок бул анын мыйзамдуу кирешесине кирбейт.

УКМК аталган жетекчини 18-январда кармады. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында анын бардык мүлктүк жана каржылык активдерин табуу, ошондой эле алардын болжолдуу наркын аныктоого багытталган кошумча тергөө-оперативдик иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар