Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата өлкө боюнча кино кербен уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара Талас облусунда 20-21-июнь күндөрү ачылат. Анда Сүймөнкул Чокморов тартылган тасмалар «Караш-Караш окуясы» менен «Улан» тасмалары көрсөтүлөт.
Кино кербен өлкөнүн баардык аймактарын кыдырып, 9-ноябрда Бишкекте аяктайт.