15:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Бишкекте жаңы жылга чейин орнотулат

Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин реконструкциялоо иштери аяктады. Ал «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдына жаңы жылга чейин орнотулат. Бул тууралуу маалымат жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов билдирди.

Белгилей кетсек, актер Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги 2017-жылы тургузулган. Ал колодон жасалып, бийиктиги 3,6 метр болгон. Бирок 3 миллион сом сарпталган эстелик ачылгандан кийин шаардыктар ал актерго окшошпой турганын билдиришкен. Коомчулуктун сынынан кийин монументти өзгөртүү чечими кабыл алынган.

Эстеликтин авторлору — скульптор Азамат Абдрахманов, архитектор Нурсейит Мамбетказиев.

Эң көп окулган жаңылыктар