15:38
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Каржы министрлигинин жол тармагы боюнча 200 миллион сомдон ашуун карызы бар

Каржы министрлигинин жол тармагы боюнча 200 миллион сомдон ашуун карызы бар. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Айтымында, мындан тышкары «Кыргыз турак жай коммуналдык бирлик» ишканасынын да көмүр боюнча миллиондогон карызы бар.

«Алардын карызын төлөй турган түрү жок. Өкмөт бул маселени көзөмөлгө алып, чечип бериши керек. Эмне, быйыл кыш келбейби? Эртеӊ эле кыш келет, ага азыртан даярдык көрүшүбүз керек, а каражат болсо тартыш болуп турат. Өкмөт мамлекеттик органдар менен мекемелердин дебитордук карыздары боюнча толук маалымат берсе жакшы болот эле», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар