23:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Учурда убактылуу берилип жаткан айдоочулук күбөлүктү башка өлкөлөр тааныбайт

Кыргызстандыктаргы башка өлкөгө жараксыз болгон убактылуу айдоочулук күбөлүк берилип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Тариел Жоробеков айтты.

Анын билдирүүсүндө, айдоочулар мындай документ менен Кыргызстандан сыртка чыга алышпайт.

«Жарандардын укуктары тебеленип жатат. Эмнеге Мамлекеттик каттоо кызматы мурда буга чара көргөн жок?», -деди ал.

Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы муундагы айдоочулук күбөлүктөрүн киргизүү ниетинде. Эски бланкалар аяктап бара жатат. Анын ордуна убактылуу күбөлүктү пайдаланышууда. Жаңы бланкаларды алып келүү үчүн тендер 18-июнда жарыяланды.

Эң көп окулган жаңылыктар