20:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

КСДП: Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда. Бул тууралуу маалымат жыйынында анын кеңешчиси Кундуз Жолдуаева билдирди.

Ал экс-президенттин учурда иш бөлмөсүндө иштеп жатканын айтып, эч кайсы өлкөгө чыгып кетпестигин белгиледи.

«Бул чагымчылдык. Атамбаев эч жакка качпайт. Ал иш үстүндө», — деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн атайын комиссия түзгөн. Комиссия экс-президентке айыптарды коюп, чечимин бүгүн комитетке жөнөттү.

Экс-президенттин кол тийбестигин алуу үчүн парламенттин депутаттарынын үчтөн экисинин макулдугу керек. 

Эң көп окулган жаңылыктар