USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу. Башкы прокуратуранын корутундусу чыкты

11:43, 25 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу корутундусун жөнөттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине парламенттен билдиришти.

Укук тартиби боюнча комитеттин башчысы Наталья Никитенконун айтымында, билдирүү кечээ келген.

«Бүгүн биздин комитет корутундуну карап чыгат. Кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу мыйзам боюнча мөөнөт жок. Жогорку чек бар, ага ылайык, Башкы прокуратура 3 айдан ашпаган убакытта атайын комиссия жөнөткөн чечимди карап чыгышы керек. Ал эми төмөнкү чек көрсөтүлгөн эмес. Регламент жана Баш мыйзам боюнча комитет бүгүн аталган маселени карап чыгат», -деди ал.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссия кабыл алган чечимди Башкы прокуратурага өткөрүп берген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика