07:07
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча сунушту Жогорку Кеңеш бүгүн карайт

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча сунушту Жогорку Кеңеш бүгүн карайт. Бул тууралуу чечим жыйында кабыл алынды.

Депутат Талант Мамытов бул маселени бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизүүнү өтүндү.

«Кечээ экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушка 40тан ашык депутат кол койгон. Ал маселе бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери, Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралып, палатага жөнөтүлдү. Бул маселени бүгүн күн тартибине киргизип, маселени кароону сунуштайм», — деди.

Бул маселени кароо добушка коюлду. Катталган 92 депутаттын ичинен 48 эл өкүлү «макул», ал эми 1 депутат каршы деген добуш берди.

Эң көп окулган жаңылыктар