16:26
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

КСДП өкүлү Алмазбек Атамбаевден сыйлык алган депутаттарды уятка чакырды

Карамат Орозова депутаттардын Алмазбек Атамбаевди кантип макташканын эстерине салды. Мурунку президентти кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом долбоорун талкуулоодон мурун, ал сөз берүүнү суранды.

Карамат Орозова кесиптештерин тарыхый чечим кабыл алынып жаткандыктан, талкууга активдүү катышууга чакырды.

«Парламент бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы болуп саналат. Бул жерде мыйзамдар кабыл алынып, элдин көйгөйү көтөрүлүшү керек. Бирок, биз жеке таарынычтарды алып чыгуудабыз. Эл мунун баарын көрүп, талкууну күтүп жатат. Тарых жана келечектеги балдарыбыз үчүн калыс чечим кабыл алышыбыз керек», -деди ал.

Ал кесиптештерине Алмазбек Атамбаевди кантип макташканын эстерине салды. «Силердин көпчүлүгүңөр анын дарегине жакшы сөз айтып, тажрыйба алгансыңар. Анын урматы үчүн деп түндүк-түштүк жолуна ысымын берүүнү каалагансыңар. Баатыр наамын бердиңер. Көбүңөр андан сыйлык да алгансыңар», -деди Карамат Орозова.

Эң көп окулган жаңылыктар