Чүй облусунда 14 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Окуя 17-июнда Чүй районунда болгон.
«Шамшы суусуна 14 жаштагы бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн. Куткаруучулар өспүрүмдүн сөөгүн таап, милицияга өткөрүп беришти», -деп айтылат маалыматта.