22:09
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Орусияда кыргызстандык жаран мурунку жетекчисин өлтүргөнгө шектелүүдө

Иркутск облусундагы Усть-Илимск шаарында кыргызстандык жаран мурунку жетекчисин өлтүргөнгө шектелүүдө. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандык жаран былтыр октябрда Кытайлык жетекчисинин башын темир түтүк менен чапкан. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.

Тергөө көрсөткөндөй, шектүү «Трейд Экспорт» уюмунун аймагына кирип, кылмыш жасаган. Кийин ал Орусиядан чыгып кетип, ага издөө жарыяланган. Тергөөчүлөр окуя болгон жерден беткап жана канга чыланган темир түтүктү таап алышкан.

Видеого шектүүнүн дүкөндөн беткап, колкап сатып алганы, уюмдун аймагына киргени жана качып чыкканы жазылып калган.

Кылмыш болоордон бир күн мурун шектүү жумуштан бошотулганы маалым болду. Ал өз мекенинен Орусияга келе жатканда аба майдандан кармалды. 

Эң көп окулган жаңылыктар