16:38
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча 50 депутат кол койду

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөлөрү депутат Канат Исаевдин мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия түзүү демилгесин жактырышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, демилгени колдоп 50 депутат кол койду. Парламенттик 6 фракциянын лидерлери дагы кол коюшту.

19-июнда комиссиянын курамы бекитилип, алар Башкы прокуратурага мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата жемкорлук жана бийликти басып алуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу билдирүүнү жеткиришет.

Эң көп окулган жаңылыктар