08:57
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Парламент экс-президенттерди жоопкерчиликке тартууга уруксат берди

Жогорку Кеңеш экс-президенттерди кол тийбестик макамынан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда дээрлик бир добуштан кабыл алды.

Буга чейин Конституциялык палата «экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу азыркы президентке импичмент жарыялоо процедурасынан жеңил болбошу керек» деген сунуш берген.

«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Исхак Масалиев жана «Республика — Ата Журттан» Курманкул Зулушев иштеп чыгышкан. Парламент ошол мыйзам долбоорун былтыр декабрда биринчи окууда карап, көпчүлүк добуш менен колдоп берген.

Ал эми экинчи окууга келгенде долбоор олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон.

Исхак Масалиев кол тийбестик тууралуу беренени алып салуу жөнүндө сунуш киргизилгенин, бирок дал ошол берене алынмак тургай кайра күчөтүлгөнүн, ошондуктан баштапкы идея таптакыр өзгөргөнүн айтып, каршы добуш берерин билдирген.

Экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу маселе парламентте алгач 2018-жылы Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу талкуу учурунда көтөрүлгөн. Депутат Масалиев ЖЭБди модернизациялоого буга чейинки бийликтин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып чыккан. Ошондон тартып бул демилге Алмазбек Атамбаевге каршы багытталган аракет катары бааланып, коомчулукта кызуу талкууга негиз болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар