16:06
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Замир Мырза: Өлкөгө четтен ырчыларды чакырбай, өзүбүз гана концерт койсок

«Танец под дождем» аттуу чыгарма менен элдин оозуна алынган ырчы, Маданияттын мыкты кызматкери Замир Мырза Грузияда тартылган клиби, гастролго болгон даярдыгы боюнча 24.kg агенттиги менен пикир бөлүштү. 

— Акыркы жаңылыктарыңыз менен бөлүшүп кетсеңиз, жаңы ырлар жаралып, клип тартылып жатабы?

— Учурда чыгармачылыктын үстүнөн кызуу иштеп жатабыз. Жакында «Махабат» аттуу менин алгачкы ырымдын жаңы версиясын жаздырып бүттүм. «Кайгырба досум» деген ырдын клиби даярдалууда. Аны Грузиядан тарттык. Мындан тышкары жайында Кыргызстандын баардык аймагын түрө кыдыра турган гастролдорубуз бар. Чыгармачылык эс алууну жактырбайт, андыктан кызуу иштеп жатабыз.

— Продюсери жок ырчылардын катарындасыз, баардык иштерди аткарып, маселелерди чечкенге кантип жетишесиз? Биринчи продюсериңиз Ассоль Молдокматова менен байланышып турасызбы?

— Продюсер чыгармачыл адамга өтө керек. Ал ырчыны уюштуруу иштеринен бошотуп, майда машакаттарга көңүл бөлбөй, чыгармачылык менен гана алек болуусуна шарт түзөт. Менин продюсерим жок. Бирок, келечекте болот деген ойдомун.

Продюсер деген түшүнүктү биздин шоу-бизнеске Ассоль Молдокматова алып келген. Мен анын колунда тарбияландым. Анын жардамы менен шоу-бизнесте ордумду таба алдым. Ассоль Молдокматова менин чоң устатым, көп нерсе үйрөттү. Жеке эле мага эмес, көптөгөн ырчыларга жардам берип сахнага чыгарган. Муну айтып коюш биздин парз.

—  Ассоль Молдокматованын айкелин Бишкекке орнотуу сунушталды. Сиздин буга пикириңиз?

— Ассоль Молдокматованын шоу-бизнеске кошкон салымы өтө чоң деп айта алам. Албетте, кыргыздын чыгаан кыздарынын бири, ал көңүл бурууга татыктуу инсан деп эсептейм.

— Шоу-бизнестин ахыбалына кандай баа бересиз?

— Кыргыз эстрадасы тынымсыз өнүгүү жолунда. Ар дайым жаңыланып, жашарып турат. Жаңы стиль, жаңы жанрлардын пайда болушу кубанычтуу көрүнүш, себеби өнөрдө чек жок. Угармандардын да чеги болбойт. Мен жаштарды колдойм. Тематикалуу ырларга көп басым жасаш керек, жаштарды тарбиялай турган патриоттук ырларды жаратуу зарыл. Министрликтерге айтаарым, четтен ырчыларды аз алып келсе. Биздин угармандар базарын өзүбүз гана колдонсок жакшы болмок.

— Улуу муундагы ырчылардан жана жаштардан кайсыл ырчыларды баалайсыз?

— Атактуу ырчылардын баарын баалайм. Бир угармандын жүрөгүнөн орун алуу — оңой иш эмес. Ар бир ырчынын өзүнүн аудиториясы болот. Ар бир чыгармачыл адам сыйга татыктуу.

— Кайсыл белгилүү ырчылар менен дуэт аткарууну каалайт элеңиз?

— Буга чейин ырчы Айжамал Кабылова экөөбүздүн аткаруубузда «Ага-карындаш» аттуу чыгарма элге тартууланган. Ушул сыяктуу тематикалуу ырлар болсо, кыргыз эстрадасындагы ырчылардын баары менен эле дуэт аткармакмын.

Чет өлкөлүк ырчылар менен дуэт аткарганга каалоом деле жок.

— Тасма айдыңына дагы аралашып жүрөсүз...

— Буга чейин «Кайып булак», «Аял бактысы» деген тасмаларда башкы ролдорду жараттым. Коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынды. Дагы сунуш түшсө кабыл алам.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума