13:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ырчы Чолпон Талипбек Макс Садырбековдун тоюндагы сүрөттөрү үчүн сынга кабылды

«Нонстоп» тобунунун мурдакы ырчысы Максат Садырбеков Айсулуу Молдалиевага баш кошту. Тойдон өткөн жумада Бишкек шаарында болду.

Тойдон кийин аталган дуэттин катышуучусу Чолпонай Талипбек көпчүлүктүн сынына кабылды. Ырчынын инстаграм баракчасына жүктөлгөн сүрөт, видеолорго көптөр көңүл айтса, айрымдар тойго барганын сынга алышты.

Чолпонайдын Максаттын сүрөтүнүн фонунда сүрөткө түшкөнүн, өтө ачык жана кооз көйнөгүн да белгилешти. 

Белгилей кетсек, «Нонстоп» дуэти 9 жылдан кийин бузулган. Анда ырчылар Максат Садырбеков менен Чолпонай Талипбек өз алдынча ырдоо максаты менен түшүндүрүшкөн. Айрым маалымат булактары жеке келишпестиктерди, айрыкча Чолпонайдын Максатка жеке ашыктыгын жана кызганыч сезимдери себеп болгонун жазып чыгышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби