17:59
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Аткаминерлерге кеңеш. Ыңгайсыз суроолорду буйтап өтүү жолдору

Аткаминерлер, саясатчылар көп учурда журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн коркуп, ЖМК өкүлдөрүн айланып өтөт. Кыргыз саясатчыларынын арасында журналисттер менен баарлашуудан жаа бою качкандары дагы жок эмес. Айрымдары ыңгайсыз эмес, катардагы эле суроолорго жооп таба албай оңтолоп, же «балп» этип, күндүн «жылдызына» айлангандары дагы жок эмес.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Туйгуналы Абдраимов дагы журналисттин кыздын жөнөкөй суроосуна орой жооп берип, коомчулуктун сынына кабылды.

24.kg агенттиги аткаминерлерге жана саясатчыларга жооптон качып кутулуу боюнча кеңеш сунуштайт.

1

Суроо берүүгө мүмкүнчүлүк бербеңиз

Журналисттердин ыңгайсыз суроолоруна жооп издеп кыйналып эмне кыласыз, андан көрө ошол суроонун алдын алыңыз. Сиз каалабаган суроонун берүүгө мүмкүнчүлүк бербеңиз.

Мисалы, Дональд Трамп CNNдин журналистине такыр суроосун айттырбай койгон. Ал микрофонду колуна алган кезде Дональд Трамп «сиз, сиз эмес» деп башка кабарчыга кезекти узаткан.

2

Сизден башка бирөө жооп берсин

Эгер күтүлгөн суроо баары бир берилсе, анда альтернативдүү планга өтүңүз. Суроого сизден башка бирөө жооп берсин. Мындай пресс-секретарь жардамчы боло алат. Болбосо, өзүңүздүн картондон сүрөтүңүзгө шилтеп койсоңуз да болот. Таиланддын экс-премьер-министрлеринин бири «эгер саясат, же чыр-чатак боюнча суроо болсо, анда бул жигит жооп берет», деп өзүнүн сүрөтүн көрсөтүп басып кеткен.

Дагы бир жол үчүнчү кишини ортого салсаңыз болот. Мисалы, Чечняда гейлерге карата кысым боюнча суроого Россиянын ТИМинин өкүлү Мария Захарова Рамзак Кадыровго кайрылып, журналистке атайын тур уюштурууну сунуштаган.

3

Коргонуунун баардык ыкмасын колдонуңуз

Албетте берилген суроого сиздин жооп журналисттерге маалым. Алар болгону сизден белгилүү маалыматты эл алдынла ырастоо үчүн аракет кылышат. Андыктан, сиздин максат аларга андай мүмкүнчүлүк түзүүдөн качуу. Айрым саясатчылар, «жок», же «ооба» деген жооптун ордуна сөздү башынан баштап, узун тарыхын айтып баштайт. Чынында кээде акыркы жооп актуалдуулугун жоготот. Анткени, журналисттер деле адамдар, аларды да жумшартууга, ынандырууга жана оюн башка буруп кетүүгө болот.

Эң башкысы — журналистке карата кол көтөрбөңүз, орой сүйлөп, оозун жаман деген ойдон алыс болуңуз.


4

Качып кетиңиз

Бул жолду көпчүлүк саясатчылар жана аткаминерлер колдонот. Акыркы жолу эле Туйгунаалы Абдраимов жан сакчыларына эшикти жаптырып, журналисттерди залдан чыгартпай качып кетти.

Айтмакчы телефон менен байланышта айрым кыргыз саясатчылары сурооду уккандан кийин, байланышты үзүп коюшат.

Алгач саламдашып анан, «бул ал эмес, жардамчысымын» дегендери да бар.


Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума