21:49
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстандын аймактарына 1 миң 100 дарыгер жетишпейт

Кыргызстандын аймактарына 1 миң 100 дарыгер жетишпейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Кыргыз мамлекеттик медакадемияда Иш орундар жарманкеси өттү. Аталган иш-чаранын максаты -жаш медиктерди региондорго тартуу. Жарманкеге Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, КММАнын ректораты жана Саламаттыкты сактоо тармагынын аймактардагы өкүлчүлүктөрү катышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, ушул жылдын 1-апрелине карата дарыгерлерге муктаждык аймактарда 1 миң 110 киши түздү. Баткен облусунда 88, Жалал-Абадда 187, Ошто 193, Нарында 130, Таласта 157, Ысык-Көлдө 172 жана Чүй облусунда 183 адис жетишпейт.

Эң көп окулган жаңылыктар