19:41
USD 87.00
EUR 90.44
RUB 0.86

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу. Ирина Цопова сабалган жок

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери тергөө абагында жаткан лаборант Ирина Цопованы зыярат кылышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди.

Эске салсак, Ирина Цопова мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында камакка алынган.

Нурдин Сулаймановдун айтымында, Ирина Цопова сабалды деген маалымат тараган. «Менин орун басарымдын медициналык билими бар, ал Цопованы текшерип чыкты. Бирок, жабырлануучунун денесинде бир дагы кыйноонун белгилери болгон эмес. Лаборант өзү дагы кыйноого тушукпагандыгын айтты. Ал бутун кокустатып алган, мындан улам дарыгердин көзөмөлүндө. Өзүн жакшы сезүүдө», -деди Нурдин Сулайманов.

Батукаев 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш кайра иликтене баштады. Анын алкагында алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да жакында кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар