14:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Азиз Батукаевдин иши. Зарылбек Рысалиев суракка алынды

ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы ЖАМКтын мурунку төрагасы Зарылбек Рысалиевди суракка алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине депутат өзү айтты.

Маалыматка ылайык, сурак мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлдү. Анын айтымында, сурак 5 мүнөткө созулду. Ал сурак маалында өзүн жаман сезгени тууралуу маалыматты четке какты.

Эске салсак, бүгүн аталган окуянын алкагында мурунку Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева камакка алынган. Ал кечээ УКМКнын тергөө абагына барып сурак бергенден кийин камалган.
 
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында, Азиз Батукаевге «курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)» диагносун коюп, диагносту тактоодо фактыларды жасалмалаган деген маалымат тараган. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборунун Р.А., М.Э., жана Ц.И. аттуу мурдагы кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары жарыяланышкан. Акыркы экөөнө карата сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
 

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. менен өкмөткө караштуу ЖАМКтын медициналык жумушчусу Ф.А. аттуулар кармалышып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Б.К. жана А.А.га карата сот тарабынан сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы, А.Ф. га карата эки айга камакка алуу чарасы тандалды.

 
 
Эң көп окулган жаңылыктар