16:51
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Азиз Батукаевдин иши. ЖАМКтын төрагасынын мурунку кеңешчиси кармалды

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында ЖАМКтын төрагасынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
 
Эске салсак, бүгүн аталган окуянын алкагында мурунку Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева камакка алынган. Ал кечээ УКМКнын тергөө абагына барып сурак бергенден кийин камалган. 
 
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында, Азиз Батукаевге «курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)» диагносун коюп, диагносту тактоодо фактыларды жасалмалаган деген маалымат тараган. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборунун Р.А., М.Э., жана Ц.И. аттуу мурдагы кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары жарыяланышкан. Акыркы экөөнө карата сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
 

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. менен өкмөткө караштуу ЖАМКтын медициналык жумушчусу Ф.А. аттуулар кармалышып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Б.К. жана А.А.га карата сот тарабынан сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы, А.Ф. га карата эки айга камакка алуу чарасы тандалды.

Эң көп окулган жаңылыктар