04:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Азиз Батукаевдин иши. Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылды

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна катыштыгы бар делген мурунку саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаеваны Биринчи Май райондук соту үй камагына чыгарды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, айыпталуучунун жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

Эске салсак, Динара Сагинбаевага документтерди жасалгалоо жана жемкорлукка аралашуу боюнча айып тагылууда.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар