17:26
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Азиз Батукаевдин иши. Лаборант Ирина Цопова кыйноого тушукпагандыгын билдирди

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна катыштыгы бар делген лаборант Ирина Цопова кыйноого тушукпагандыгын билдирди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыйноолорго каршы күрөшүү улуттук борборунан маалымдашты.

Аталган борбордун кызматкерлери Ирина Цопованы 2 ирет зыярат кылышты. Айыпталуучу Бишкектеги № 1 тергөө абагынан бутун кайрып алган.

«Ал эч ким кыйнабаганын жана урбаганын айтты. Ал керебеттен жыгылып, бутун кайрып алган. Айтымында, медициналык жардам өз убагында көрсөтүлгөн. Кыйноолор жана жаман мамиле тууралуу айткан жок», -деп билдиришти борбордон.

ЖАМКтан маалымдашкандай, Ирина Цопованын бутун гипстеп коюшту, бирок ооруканага жатууга муктаждык деле жок.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума