21:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Азиз Батукаевдин бошотулушу. Атамбаевдин адвокаттары өкүмгө нааразы болушууда

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары, крим төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө даттанышууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн апелляциялык арыз жазышкан.

«Буга чейин айтканымдай эле, Батукаевдин иши боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмү ушул жылдын 23-июнунда чыккан. Демек, Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары катары 23-июлга чейин даттанууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок, биздин арызды күтпөстөн иш шаардык сотко өткөрүлүп, ал эми алар процессти дайындоого жетишишиптир. Бирок, бүгүн сот процесси болгон жок», — дейт Замир Жоошев.

Азиз Батукаев түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, 2013-жылдын апрелинде Чеченстанга учуп кеткен. Крим төбөлдү мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайрадан улантылган. Ал октябрда сотко берилген. Буга байланыштуу 19 адам айыпталууда. Алар айыпталуучуга диагноз койгон дарыгерлер жана лаборанттар, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жана башка жогорку кызматтагы адамдар, анын ичинде мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев дагы бар. Белгилей кетсек, 15 айыпталуучу тергөө кызматы менен кызматташуу жөнүндө келишим түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума