09:45
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга каражат бөлөт. Кандай максатта экени айтылды

Азия өнүктүрүү банкы калктын климаттык өзгөрүүлөргө жана кырсык коркунучтарына туруктуулугун бекемдөө максатында, Кыргызстанга каражат бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда маалым болду.

Долбоордун жалпы бюджети — 43,6 миллион доллар. Азия өнүктүрүү банкынын каражаты — 38,6 миллион доллар, анын ичинде гранттык каражат — 16,8, жеӊилдетилген насыя каражаты — 21,8 миллион доллар.

Маалыматка таянсак, өкмөт долбоорго 5 миллион доллар кошот. Насыя 32 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилүүдө. Бул долбоор 3 бөлүктөн турат: Ирригациялык инфратүзүмдөрдү модернизациялоо, Ирригация тутумун жана айыл чарба жерлерин башкарууну жакшыртуу, Табигый кырсыктардын коркунучтарын улуттук деӊгээлде башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө.

Депутат Бахадыр Сулейманов долбоордогу күтүлбөгөн чыгымдар үчүн каралган 3,9 миллион доллар кайда жумшала турганына кызыкты. «Адатта, күтүлбөгөн чыгымдардын каражат кайда бөлүнгөнү белгисиз бойдон калчу эле, бул жолу да ошондой болуп калбайбы?», — деди ал.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, баардык эле долбоорлор ишке ашырылып жатканда, кайсы бир багытта каражат тартыш болуп калат. Ошондон улам, күтүлбөгөн чыгымдарга атайын каражат каралат.

Эң көп окулган жаңылыктар