12:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 32 жылдык мөөнөткө насыя берет

Азия өнүктүрүү банкы калктын климаттык өзгөрүүлөргө жана кырсык коркунучтарына туруктуулугун бекемдөө максатында, Кыргызстанга каражат бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашуулар боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып жатканда айтылды.

Долбоордун жалпы бюджети — 43,6 миллион доллар. Азия өнүктүрүү банкынын каражаты — 38,6 миллион доллар, анын ичинде гранттык каражат — 16,8 миилион, жеӊилдетилген насыя каражаты — 21,8 миллион доллар.

Насыя 32 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби