05:35
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Муфтият дүрбөлөңгө түшүп, орозону бузбоого чакырды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Орозо айт майрамы тууралуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Ал Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Япония, Дагестан жана Кувейт, Египет, Иордания, Сирия сыяктуу араб мамлекеттеринде 5-июнда айт майрамы белгилене турганын айтты.

«4-июнь орозонун акыркы күнү жана бүгүн таңда ооз бекилет. Дүрбөлөңгө түшүп, орозоңуздарды бузбагыла!», -деп билдирди Максатбек ажы Токтомушев.

Эске салсак, буга чейин Сауд Арабиясында Орозо айт бүгүн белгиленип жатканы тууралуу маалымат тараган.

Эң көп окулган жаңылыктар