08:53
USD 84.52
EUR 100.51
RUB 1.15

Дайынсыз жоголгон 3 жашар бала Көкөмерен дарыясына түшүп кетиши мүмкүн

Суусамырда дайынсыз жоголгон 3 жашар бала Көкөмерен дарыясына түшүп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи май айылында жоголгон бала тууралуу маалымат 2-июнда саат 11:00дөр чамасында келип түшкөн.

«Жоголгон баланын атасынын айтымында, алар үй-бүлөсү менен 1-июнда жайлоого эс алууга чыгышкан. 2-июнда эртең мененки тамактануу учурунда баласын таппай калышкан. Бала Көкөмерен дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги айтылууда», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар