07:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кеңеш. Балчы аба-ырайын билип, ичимдик ичип, чылым чекпейт

Тоо этектеринде жана талааларда түркүн гүлдөрдүн ачылышы -балчелекчилердин ишин кызытат. Жай мезгили —аарылардын гүлдөн гүлгө конуп, бал топтой турган учуру.

Аарылардын дагы кулк-мүнөзү бар. Алар орой мамилени такыр кечиришпейт.

24.kg агенттиги бал топтоого камынгандарга тажрыйбалуу балчынын кеңешин сунуштайт.

1

Бал челекти кайсы күндөрү ачса болот?

Бал челекти жөнү жок эле ачпоо керек. Жылуу жана шамал болбогон күндөрү гана (температура 14 градустан жогору болгондо) аарыларга көз салып койсо болот. Ошондой эле, бал өсүмдүгү гүлдөп жаткан маалда, аарылар бал чогултууга кеткенде челекти карап койсоңуз да болот.

2

Аарылар тазалыкка маани береби?

Аарылар мурунду жарган ар кандай жыттарды жактырбайт. Ошондуктан иштерман жандыктардын жанына жакын жолоордон мурун мончого түшүп, колду, бетти жакшылап жууш керек. Жыпар жыттуу атырды, туалет суусун колдонбоо сунушталат. Мындан тышкары, чылым чегип, спирт ичимдиктерин да ичкенге болбойт. Ошондой эле, пияз менен сарымсак да жебегениңиз оң.

Чыныгы бал челекчилер спирт ичимдиктерин такыр ичишпейт, чылым чегишпейт. Бул алардын пайдалуу адаттары десек да болот.

3

Балчы аба-ырайына көңүл бөлүп турат

Балчелекчи аба-ырайын алдын ала билип турушу керек. Ал жумуш күнүн пландоого жардам берип, аарылар жабык жайда күн өткөрөбү же эркиндикке чыгып келеби, буга кам көрөт. Узак мөөнөткө аба-ырайын билүү -план курууга эң ыңгайлуу. Аарыларды качан бир жерден экинчи жерге ташуу, жемин канча көлөмдө даярдоо сыяктуу маселелерди чечкенге жардамы тиет.

4

Бал челек кармаган киши кандай түстөгү кийимдерди кийе алат?

Балчелекчи санитардык талаптарга жооп берген, иштөөгө ыңгайлуу болгон кийим кийиши шарт. Бет жана дене бөлүгү аарылардан коргонуу үчүн жабык болушу зарыл. Айрымдары бетине торчо тагып, ак халат кийсе, айрымдары калың боз материалдан тигилген комбинезон кийишет. Бирок, эч качан түктүү жана кара түстөгү кийимдерди кийбеш керек, бул аарылардын жинин кашайтат.

Эң көп окулган жаңылыктар