19:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Каржы полициясы Райым Матраимовду «мыйзамсыз байыган» фактысы боюнча текшерет

Каржы полициясы Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовду мыйзамсыз байыган деген маалыматтын тегерегинде сотко чейинки териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.

Аталган ишти Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алган.

Эске салсак, буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына Райым Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүү керектигин айткан болчу.


Эң көп окулган жаңылыктар