11:13
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сагынбек Абдрахманов: КСДП Алмазбек Атамбаев менен соттошууга даяр

КСДП Алмазбек Атамбаев менен соттошууга даяр. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн жыйында партиянын төрагасы Сагынбек Абдрахманов билдирди. 

Ал билдиргендей, Алмазбек Атамбаев 3-апрелден тарта партиянын төрагасы эмес.

«Телеканалдарды пайдалануу аркылуу ал эл арасында туура эмес пикирди жаратууда. Ал партиянын съездин эмес, жыйынын өткөрдү. Ал өз ордуна Асел Кодуранованы калтырганы жалган. Эң оор учурда ал партиялаштарын сатып жатат», -деди Сагынбек Абдрахманов. Ал кошумчалагандай, КСДП Алмазбек Атамбаев менен соттошууга даяр. Анткени алар өздөрүнүн тууралыгына ишенишет.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаев убактылуу КСДП мүчөлүгүнөн чыгып, төрагалык кызматын өткөрүп берди. Мындай чечим «Президенттердин ишмердүүлүгүнө кепилдик тууралуу» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргенине байланыштуу кабыл алынган. Анда мурунку мамлекет башчы активдүү түрдө саясат менен алектенсе жана партиянын мүчөсү болсо, анда баардык артыкчылыктардан жана кол тийбестиктен ажыратылат деп айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби