Жыл башынан бери Кыргызстанда 2 миңден ашык киши кызамык менен ооруган. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин отчетунда айтылат.
Маалыматка ылайык, былтыркыга караганда бул жылы кызамык менен ооругандардын саны 17 эсеге өскөн.
Үстүбүздөгу жылы 2 миң 66 учур катталса, былтыр 119 учур каттоодон өткөн.
Мындан тышкары, көк жөтөл менен ооругандар 1,4 эсеге өскөн. Былтыр 83, быйыл 116 учур катталган.