16:04
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кеңеш. Күндөн калкалоочу көз айнектерди туура тандаңыз

Күңүрт түстүү көз айнектер адамдын жүзүн кооздоп гана чектелбей, көздү коргошу керек.

Шоу-бизнес өкүлдөрү жана топ-моделдер күңүрт түстүү көз айнектерин сыртка чыкканда гана эмес, жабык имараттарда да тагынып жүргөн себебин билесиздерби? Алар саркеч жана модалуу аксессуарды тагынуу- чоочун көздөрдөн гана сактабай, көздүн тегерегиндеги же каштын ортосундагы бырыштарга эң сонун профилактика экенин жакшы билишет. Дарыгерлер да көздү териден дагы биринчи күндөн жана күйүктөн сактагыла деп эскертет.

Сиздин көз айнегиңиздин линзасы канчалык деңгээлде туура караңгылатылган жана күндүн нурунан жакшы коргойбу? 24.kg агенттиги күндөн калкалоочу көз айнектерди туура тандоо тууралуу кеңештерди даярдады.

1

Айнеги эмнеден жасалганы оң?

Бүгүнкү күндө өндүрүшчүлөр пластикке басым жасашат. Анткени мындай көз айнектер жеңил, күнүмдүк колдонууга ыңгайлуу. Пластик айнектер сапаты жагынан кадимки айнектерден кем калбайт. Ал тургай кээде кадимки айнекке көздү ультра нурлардан сактай турган атайын фильтрлерди коюу татаал болот.

Кадимки айнектен жасалган көз айнек ультра нурларды өткөзбөйт деген -миф. Айнек ультра нурлардын бир гана бөлүгүн кармап калат, толугу менен коргоо үчүн айнекке кошумча жабдуу жабуу керек.

2

Айнегинин түсү маанилүүбү?

Көз нейтралдуу түстөрдү, боз, боз-күрөң, боз-жашыл түстүү линзалары бар көз айнектерди тагынганда комфорттуу сезет. Ал эми күлгүн, көгүлтүр, кызгылт-сары жана сарыларды дарыгерлер көпкө тагынууну сунуштабайт. Анткени көз тез чарчайт.

3

Көз айнекти базардан сатып алууга болобу?

Көз айнектерди атайын дүкөндөрдөн, оптикалардан гана сатып алыңыз. Кымбат модель болбосо койсун, бирок сапаттуу болсун. Эгерде сатып алган көз айнектен шек санасаңыз, оптикага барып текшертип алсаңыз болот.

4

Көз айнектин сапатын көрсөткөн таксыктамасы болобу?

Күндөн коргоочу жакшы көз айнек сатып алууну кааласаңыз сөзсүз түрдө паспорту (сертификаты менен) менен таанышыңыз. Анда көз айнектин маанилүү делген мүнөздөмөсү (ультра нурдун канча пайызын тосо алат, толкундардын узундугу канчалык) жазылган.

5

Айнеги өтө караңгылатылган көз айнектер зыяндуу эмеспи?

Эгерде көз айнектин паспортунда 0 деген сан болсо, анда ал ачык түстөгү көз айнек. Болгону үстүртөн гана караңгылатылган, ал булуттуу аба ырайына ылайыктуу, жарыкты 80-100 пайыз өткөрөт.

1 деген сан болсо, аз караңгылатылган, алмашып турган аба-ырайына ылайыктуу. Мындай көз айнектер эрте жазга же күздүн ортолоруна жакшы.

2-категориядагылар орточо караңгылатылган көз айнек. Күн чыгып турган маалга жакшы.

3-категориясы эң белгилүү көз айнектер. Жай, пляж, жарык күнгө ылайыктуу. Дал ушуну жайкы эс алууга алуу сунушталат.

4-топтогу көз айнек 8-10 пайыз гана жарыкты өткөрөт. Катуу мээ кайнаткан күнгө ылайыктуу, мисалы, тоого же экваторго жакын жайгашкан деңизге тагынуу сунушталат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби