19:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ирина Карамушкина юбилейи менен куттуктабагандыктары үчүн таарынды

Депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеңеште аны юбилейи менен куттуктабагандыктары үчүн нааразычылыгын айтты.

Бүгүн күндүн тартибин бекиткен соң төрага Дастанбек Жумабеков депутат Каныбек Иманалиевди юбилейи менен куттуктады. Буга карата Ирина Карамушкина өз оюн айтты.

«Менин таарынычым бар, 55ке толгонду юбилейим менен куттуктаган эмес. Сиз Дастанбек Жумабекович мага кыргыз тилинде китеп берип жибергенсиз. Ал китептер жакшы, мен аларды мектепке бердим. Бирок, отурумда мени эч ким куттуктаган эмес. Бул кайдыгерликпи же Карамушкина ушунча эле ыңгайсызбы?», -деди ал.

Төрага эмне үчүн андай болгонун териштирүүгө убада кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар