15:34
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргыздын ай, күн, жыл календары боюнча мыйзам иштелип чыгат

«Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү» илимий-практикалык конференциянын жыйынтыктары жөнүндөгү маселе Социалдак маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүн, 20-майдагы жыйынында каралды..

Талкуу жүрүшүндө кыргыз ай, күн, жыл календары тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыга турганы белгилүү болду. Бул боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп иш алып барат. Мындай милдет Өкмөткө тагылып, аткарылган иштер тууралуу маалыматтарды 2019 — жылдын сентябрь айына чейин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле кыргыз ай, күн, жыл санагын Дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизүү үчүн ЮНЕСКОго демигелөө аракеттери да колго алынмакчы. Анын алкагында атайын видеофильм дагы даярдалат. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума