11:15
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ТИМ: Түрк элчиси Жеңгиз Кемал Фырат менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ

Муфтияттын ооз ачарында түрк элчиси Жеңгиз Кемал Фырат менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Тышкы саясат боюнча жооптуу мекеме, акыркы жылдары мамлекет башчыларынын аракети менен кыргыз-түрк мамилелери кыйла жанданып, сапаттуу жаңы деңгээлге чыкканын белгилейт.

«2019-жылдын 8-майында «Дасмия» ресторандык комплексинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңиз Кемал Фыраттын катышуусу менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ жана ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн боордош мамилелерге таасирин тийгизе албайт», — дейт ТИМ.

Белгилей кетсек, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 8-май күнү муфтияттын ооз ачарында «Сапат» билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандыны көрүп, ызы-чуу салып, чыгып кеткен. Ал муфтиятты 35 миллион долларга мечит салып бергенине карабай, террористтерди конокко чакыргандыгына айыптаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби