19:31
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Мурдагы вице-премьер Зилалиев 15-майга чейин камалды

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Бишкектеги № 1 абакка 15-майга чейин камалды. Бул тууралуу анын адвокаты Самат Матцаков билдирди.

Юристтин айтымында, ага «жасалма» иш козголгон, себеби Зилалиев арыз ээсин тааныбайт. Матцаков укук коргоо кызматкерлери Зилалиев менен доогерди көзмө-көз жолуктуруудан баш тартканын белгиледи.

«Арыз ээсин Зилалиев эч качан көргөн эмес. Ал мындай факт болбогонун ырастоодо. Эмнегедир арыз алты жылдан кийин жазылган. Мурда анын кайда жүргөнү белгисиз», — деди адвокат.

Дүйшөнбек Зилалиевдин кармалганы 16-мартта белгилүү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар