06:46
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ошто «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаков сабалды

Ошто «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаков сабалды. Маалыматты 24.kg агенттигине ал өзү тастыктады.

Журналист кесиптештери менен көмүскө иштеп жаткан казинолорду тартып жаткан. Ага мекеменин күзөтчүлөрү кол салышкан.

«Мен жабыркаган жокмун, пиджагымды айрып салышты. Бетимде майда чийиндер бар. Милицияга азырынча арыз жаза элекмин, бирок бул окуя түз эфирде болгондуктан, укук коргоо органдары чара көрүшү керек», -деди ал.

Буга чейин Ыдырыс Исаковду оштук ишкер Жалил Атамбаев 50 миллион сом өндүрүп алуу үчүн сотко берген. Журналист милициянын мурдагы полковниги салык төлөөдөн качып жатат деген видеоматериал жарыялаган. Майдын башында доогер арызын кайра кайтарып алган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума