11:00
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

№ 1 мектеп-лицейинин окуучуларынын ата-энелери кайрадан митингге чыгышты

Чүй облусуна караштуу Новопавловка айылындагы № 1 мектеп-лицейинин окуучуларынын ата-энелери кайрадан митингге чыгышты. Алар «Ак үйдүн» алдына чогулушкан, бирок шаар мэриясы акцияны Горький паркында өткөрүүгө уруксат берди. 

«30-майга чейин «Ак үйдүн» алдында митингге чыкканга болбойт деген токтом бар экенин айтышты», -дешти ата-энелер. Алар акцияга чыгуу себебин мектепте акча чогултууга тыюу салынып, балдарды бай-кедей деп бөлүүгө каршы болушканы менен түшүндүрүштү. 

Нааразы тарап мектеп директору Диляра Абдуллаеваны иштен кетирүүнү талап кылышууда. Алар өткөн жумада Билим берүү жаан илим министри мектепке келгенин айтышты.

«Ата-энелердин бирин дагы жолугушууга киргизишкен жок. Биз сыртта 3 саат бою күттүк, ал болсо жабык кабинетте 4 сааттай отуруп, андан кийин бизге эмне керек деп сурады», -дешти алар. 

Ата-энелер мектеп директорунун ордуна убактылуу келген талапкерге дагы каршы экенин айтышууда.